2026-жылдын 30-майында Бишкек шаарынын воркаут боюнча чемпионатынын биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Канатбек Маматов, ошондой эле Казакстан Республикасынын өкүлдөрү катышты.
Канатбек Маматов өз сөзүндө спортчулардын өжөрлүгүн жана максатка умтулуусун белгилеп, массалык спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле дене тарбия жана спорт менен машыгууга шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берип, бардык катышуучуларга калыс таймаштарды, ийгиликтүү оюндарды, жогорку жыйынтыктарды жана мелдештердин жаракатсыз өтүшүн каалады.
Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөр жана катышуучулар үчүн воркаут жана брейк-данс боюнча көрсөтмө өнөр көрсөтүүлөр уюштурулуп, спортчулар өздөрүнүн жогорку чеберчилигин көрсөтүштү.
Мелдешке Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын 150гө жакын спортчусу катышты. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, күчүн, чыдамкайлыгын жана спорттук чеберчилигин көрсөтө алышты.
Чемпионаттын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Мындай мелдештер сергек жашоо образын жайылтууга, көчө спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жаштарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле чемпионат өткөн жерде көрүүчүлөр жана катышуучулар үчүн туристтик компаниялар өз кызматтарын тааныштырышты.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Көчө жана экстремалдык спорт түрлөрү федерациясы менен биргеликте уюштурулду.





