2026-жылдын 4-июнунда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Ала-Арча суусу — Байтик баатыр көчөсүнөн — Түштүк Чоң Чүй каналына (ТЧЧК) чейинки аймак; Ала- Арча 3 конушунда.
Суу берүүнү токтотуу МИКтин катлованындагы суу агууну аныктоо боюнча авриялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.
Урматтуу тургундары! "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана шашылыш өчүрүлүшү тууралуу билдирүулөрдү өз убагында алып турсаңыз болот.
