VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын маданий программасынын алкагында жаш катышуучулар Кыргызстандын тарыхы жана маданий мурастары менен таанышууну улантып жатышат.

2026-жылдын 1-июнунда Россия Федерациясынан, Өзбекстан Республикасынан жана Казакстан Республикасынан келген делегациялар Исхак Раззаковдун үй-музейинде жана Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде болушту.

Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүрү жана ишмердүүлүгү, ошондой эле кыргыз адабиятынын классиги Аалы Токомбаевдин чыгармачылык мурасы менен таанышышты. Конокторго Кыргызстандын тарыхынын маанилүү этаптарын чагылдырган архивдик материалдар, жеке буюмдар, сүрөттөр жана экспозициялар тартууланды.

Экскурсиялык программа фестивальдын жаш конокторунун чоң кызыгуусун туудуруп, аларга Кыргызстандын маданиятын, тарыхын жана залкар инсандарын тереңирээк таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берди.