2026-жылдын 29–31-май күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында жаштар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Азия Кубогу болуп өттү.

Мелдешке 12 мамлекеттен келген 503 спортчу катышып, ар кандай салмак категорияларында күч сынашты.

Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарындагы спорт мектептеринин тарбиялануучулары ийгиликтүү оюн көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти.

Спорттун жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:
- Мелисов Данияр (90 кг салмак категориясы) - 1-орун;
- Турдажиева Акмаржан (78 кг салмак категориясы) - 2-орун;
- Полтушев Даут (100 кг салмак категориясы) - 3-орун.

Ошондой эле «Олимп» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу:
- Айтматов Бексултан (100 кг салмак категориясы) - 1-орунду ээледи.