Бүгүн, 2026-жылдын 1-июнунда, Бишкек шаарында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жана "Наристе" VI Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын алкагында  майрамдык иш-чара өттү.

Борбор калаанын тургундары жана кичинекей бишкектиктер менен майрамды бирге өткөрүү үчүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу  боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле чет элдик коноктор жана фестивалдын катышуучулары келишти.

Майрамдын эң кооз жана эсте каларлык учурларынын бири салтанаттуу фестиваль жүрүшү болду. Т. Усубалиев атындагы аянттан тартып Орозбеков көчөсү менен "Ала-Тоо" борбордук аянтына чейин чыгармачыл жамааттар, жаш артисттер жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген делегациялар жөө жүрүш жасашты. Бишкек шаарынын мэриясынын Үйлөмө аспаптар оркестри колоннаны шаңдуу музыкалык чыгармалар менен коштоп, майрамга өзгөчө маанай тартуулады.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү саат 19:00до башкы "Ала-Тоо" аянтында башталды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев майрамдын катышуучулары менен конокторуна куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Калаа башчысы балдарды жана алардын ата-энелерин Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, бул майрам өсүп келе жаткан муунга кам көрүүнүн, алардын өнүгүүсү, чыгармачылыгы жана өзүн-өзү көрсөтө билүүсү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн  белгиледи.

"Кыргызстан өз каада-салттарын көздүн карегиндей сактап, ошол эле учурда маданий тажрыйба алмашууга ар дайым ачык. Бишкек шаары үчүн Беларусь Республикасынан, Казакстандан, Түштүк Кореядан, Түркиядан, Өзбекстандан, Монголиядан, Румыниядан, Россия Федерациясынан жана башка өлкөлөрдөн келген конокторду тосуп алуу — чоң сыймык. Бүгүнкү ар бир өнөр — дүйнөлүк маданий мурастын байлыгынын жана адамдардын жүрөгүн бириктире алган искусствонун күчүнүн айкын далили болоруна ишенем. Бардык катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди, жаркын эмоцияларды жана Кыргызстандагы күндөрүнөн унутулгус таасирлерди каалайм", — деп баса белгиледи мэр.

Майрамдык кече «Наристе» фестивалынын таланттуу катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын катышуусундагы чоң концерт менен уланды. Сахнада дүйнө элдеринин бай маданий каада-салттарын чагылдырган элдик ырлар жаңырып, улуттук бийлер жана аспаптык чыгармалар аткарылды.

Майрамдык программанын соңунда уюштурулган балдар дискотекасы жана достук кечеси фестивалдын катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун кубанычка жана эл аралык маданий биримдиктин кучагына бөлөдү.