Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти муниципалдык билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултуу фактыларынын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча комплекстүү иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Иш бир нече багытта жүргүзүлүүдө. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен үзгүлтүксүз кеңешмелер өткөрүлүп, педагогикалык жамааттар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, ошондой эле мыйзам талаптарын сактоо жана акча чогултууга жол бербөө маселелери боюнча ата-энелер коомчулугу менен жолугушуулар уюштурулат.

Мындан тышкары, Департамент жарандардан келип түшкөн бардык кайрылууларды карайт. 2025–2026-окуу жылында мыйзамсыз акча чогултуу маселеси боюнча 25 кайрылуу келип түшкөн. Ар бир факт боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү адамдарга карата тартиптик чаралар көрүлүп, материалдар колдонуудагы мыйзамдардын алкагында андан ары кароо үчүн тиешелүү мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында эки билим берүү уюмунун жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулуп, бир катар директорлорго тартиптик жаза чаралары колдонулган.

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектептерде жана бала бакчаларда ар кандай акча каражаттарын чогултуу жол берилгис көрүнүш экенин эскертет.

Ошол эле учурда билим берүү уюмдары жыл сайын жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Каражаттар капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.

Эгерде бир нече жыл мурда билим берүү объектилерин капиталдык оңдоого жыл сайын болжол менен 120 миллион сом бөлүнсө, бүгүнкү күндө каржылоонун көлөмү 500 миллион сомдон ашты. Мындан тышкары, 2026-жылы учурдагы оңдоо иштерине 183 миллион сомдон ашык каражат каралган. Анын ичинде биринчи жолу оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөөгө каражат бөлүндү. Бул максаттар үчүн 54,3 миллион сом багытталган.

Бул чара оңдоо иштеринин педагогикалык жамааттардын жана ата-энелердин күчү менен эмес, атайы подряддык уюмдар тарабынан аткарылышын камсыз кылууга, ошондой эле ата-энелерден акча чогултуу практикасын жоюуга багытталган.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаанын билим берүү уюмдарында оңдоо иштерин жүргүзө турган подряддык уюмдарды аныктоо боюнча сынактык жол-жоболорду өткөрүүдө. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация жана экзамендик мезгил аяктагандан кийин билим берүү уюмдары жаңы окуу жылына даярдык көрүүгө киришет. Пландалган бардык оңдоо иштери белгиленген тартипте, түзүлгөн келишимдердин алкагында подряддык уюмдардын күчү менен аткарылат.

Бишкек шаарынын мэриясы оңдоо иштерин жүргүзүү педагогикалык жамааттардын милдетине кирбей турганын жана ата-энелерден акча каражаттарын тартууну талап кылбай турганын белгилейт. Зарыл болгон иштердин бардыгы бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен аткарылат.

Билим берүү департаменти ата-энелерди, педагогдорду жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, акча чогултуу практикасына жол бербөөгө жана мындай фактылар тууралуу токтоосуз билдирүүгө чакырат.