2026-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу музейлеринде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир катар маданий-агартуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Ч.Түлөбердиев атындагы көргөзмө галереясында балдар "Аскердик авиация балдардын көзү менен" аттуу көргөзмөгө өз эмгектерин сунуштап, керамиканы кооздоо боюнча мастер-класстарга жана асфальтка сүрөт тартуу сынагына катышышты.
С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде "Менин дүйнөм" аттуу көргөзмө ачылып, анда 6 жаштан 18 жашка чейинки Domart Dali сүрөт жана долбоорлоо мектебинин окуучуларынын чыгармачылык эмгектери коюлду.
Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде "Аалы атанын жомок дүйнөсү" аттуу майрамдык иш-чара уюштурулду. Балдар үчүн жомокторду сахналаштырып окуу, чыгармачылык өнөрканалар, сүрөт тартуу сынагы, кыргыз боз үйүн жасоо боюнча мастер-класстар, адабий квесттер жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулду.
Майрамдын соңунда активдүү катышуучулар сыйланып, "Балдар — тынчтык жана жакшылык үчүн" аттуу акция өткөрүлдү. Анын алкагында балдар символикалык күндөргө жана булуттарга өз каалоо-тилектерин жазышты.
Өткөрүлгөн иш-чаралар балдарга жагымдуу маанай жана унутулгус таасир тартуулап, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөттү. Ошондой эле өсүп келе жаткан муунду Кыргызстандын бай маданий мурасы менен тааныштырууга өбөлгө түздү.








