"Дельфин" ОРАБӨМдүн ар кандай курактагы спортчулар арасында фехтование боюнча мектеп биринчилиги өттү.

Мелдеш жаш спортчулардын даярдыгындагы маанилүү этап болуп, катышуучуларга өздөрүнүн техникалык даярдыгын, спорттук чеберчилигин, жеңишке болгон эркин жана жогорку жыйынтыктарга умтулуусун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Мелдештин жыйынтыгында кадеттер арасында байгелүү орундарды төмөнкү спортчулар ээледи:

Кыздар арасында:
•Дильдора Муталипова — 2-орун.

Уландар арасында:
•Константин Кренида — 2-орун;
•Аскар Абдралиев — 3-орун.

2012–2014-жылдары төрөлгөн спортчулар арасында:
•Константин Кренида — 1-орун;
•Аскар Абдралиев — 2-орун.