VI Эл аралык "Наристе-2026" балдар фольклор фестивалынын алкагында катышуучулар жана коноктор үчүн "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына маданий-таанышуу экскурсиясы уюштурулду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, делегацияларды экскурсияга коштоп барды.
Коноктор үчүн кыргыз элинин тарыхы, каада-салттары жана улуттук мурастары менен тааныштырууга багытталган бай маданий программа даярдалды. Катышуучуларга Кыргызстан жөнүндө презентация, фольклордук топтун концерти жана фестивалдын делегациялары үчүн чыгармачыл тааныштыруу көрсөтүлдү.
Кыргыз боз үйүн тигүү боюнча мастер-класс өзгөчө кызыктуу болуп, конокторго көчмөн маданиятынын кылымдар бою калыптанган салттарын сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Мындан сырткары, катышуучулар асма жол менен өйдө чыгып, байкоо аянтчасына барышып жаратылыш паркынын кооздугунуна суктанышты, ошондой эле Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы менен тааныша алышты.
Бул саякат конокторго өзгөчө таасирлерди калтыруу менен фестиваль программасынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана Кыргызстандын маданий, жаратылыш мурастарын эл аралык деңгээлде даңазалоого өбөлгө түздү.
















