Бүгүн, 2026-жылдын 2-июнунда, муниципалитеттин "Тунгуч" залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин VI Эл аралык  "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын катышуучулары менен жолугушуусу өттү.

Иш-чарага Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея Республикасы, Түркия, Румыния, Россия Федерациясы, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген чыгармачыл жамааттардын жаш өкүлдөрү жана ардактуу коноктору катышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев фестивальдын катышуучуларына кызыктуу баарлашууну, жагымдуу маанай, жаңы жетишкендиктерди жана унутулгус таасирлерди каалады.

"Бул фестиваль сиздерге жаңы билим жана чыгармачылык тажрыйба гана эмес, эң башкысы — дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жаңы досторду таап берерине ишенем. Дал ушундай жолугушуулар бири-бирибизди түшүнүүгө көмөктөшөт, өз ара урматтоону чыңдап жана көп жылдарга сактала турган достуктун пайдубалын түптөйт», — деп баса белгиледи борбор калаанын башчысы.

"Наристе" эл аралык балдар фольклор фестивалы салттуу түрдө маданий алмашуу, элдердин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо жана балдардын чыгармачылыгы аркылуу улуттук каада-салттарды сактоо үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар эстелик белектерди алмашышып, уюштуруучуларга жылуу кабыл алгандыгы жана ар кайсы өлкөлөрдүн маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.