Бүгүн, 2026-жылдын 2-июнунда  Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы башталды.

Мамлекеттик экзамендер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бекиткен графикке ылайык, белгиленген талаптарды, эрежелерди жана нускамаларды так сактоо менен өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ошондой эле билим берүү уюмдарына керектүү методикалык колдоо көрсөтөт.

Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүү үчүн объективдүүлүктү, ачык-айкындуулукту жана экзамендерди өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактоого багытталат.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырууну, өздөрүнүн билимине болгон ишенимди жана жогорку натыйжаларга жетишүүнү каалайт.