2026-жылдын 2-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү үчүн майыптык, инклюзия жана шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгү боюнча окутуу семинарын өткөрдү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду.

Окутууну майыптык маселелери боюнча эл аралык эксперт Рахат Орозова өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар адам укуктарына негизделген майыптыкты түшүнүүнүн заманбап ыкмаларын, туура терминологияны колдонуу, шаардык инфраструктуранын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле майыптыгы бар адамдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн принциптерин талкуулашты.

Өзгөчө БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашырууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө инклюзивдүү мамилелерди киргизүүгө көңүл бурулду. Катышуучулар тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүнүн жана майыптыгы бар адамдар үчүн, ошондой эле калктын башка кыймылы чектелген топтору үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун практикалык механизмдерин талкуулашты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү муниципалдык органдардын кызматкерлеринин кесиптик потенциалын жогорулатууга жана Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдардын коомдук турмуштун бардык тармактарына толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.