Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын 1-июнунда Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык иш-чарада диджейлик кылган жаш кыз менен жолугушту.

Аталган кыз ШКУнун Дельфий оюндарында коло медаль жеңип алган катышуучу болуп саналат жана ыктыярчылык ишмердүүлүк менен да жигердүү алектенет.

Жолугушуунун жүрүшүндө майрамдык иш-чарада орун алган жагдай талкууланып, борбор калаанын башчысы жаш аткаруучуга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Айбек Джунушалиев болгон катачылыктар үчүн жоопкерчилик иш-чаранын бул бөлүгүнө жооптуу кызматкерлерге таандык экенин белгилеп, алар бардык процесстерге тийиштүү көзөмөлдү жана координацияны камсыздай албаганын айтты.

«Бул окуяда сиздин күнөөңүз жок. Тилекке каршы, ушундай жагдай жаралып калды. Эч ким сиздин жетишкендиктериңизден жана сыйлыктарыңыздан күмөн санабайт. Өзүңүз сүйгөн иш менен алектенүүнү улантып, чеберчилигиңизди өркүндөтүп, Бишкек шаарын ар кандай иш-чараларда жана сынактарда татыктуу көрсөтө бериңиз», — деп баса белгиледи мэр.

Ошондой эле борбор калаа башчысы кызды ыктыярчылык ишмердүүлүгүн улантууга жана мындан ары да «Наристе» балдар фестивалынын жана башка иш-чаралардын конокторуна, катышуучуларына жардам берип, шаардын коомдук жашоосуна активдүү катышууга чакырды.

Колдоо көрсөтүүнүн жана жакшы тилектердин белгиси катары мэр жаш катышуучуга эстелик белек — символикалык тумар тапшырып, ага ийгиликтерди, өз күчүнө болгон ишенимди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Өз кезегинде кыздын апасы болгон окуя техникалык катачылыктын натыйжасында орун алганын белгилеп, бул жагдай кызы үчүн олуттуу сабак жана маанилүү тажрыйба болгонун айтты. Анын айтымында, бул окуя келечекте уюштуруучулук жана техникалык маселелерге дагы кылдат мамиле кылууга жардам берет.