2026-жылдын 25-майынан 1-июнуна чейин "Парус" бассейнинде майыптыгы бар адамдар арасында Бишкек шаарынын сууда сүзүү боюнча чемпионаты өттү.
Мелдештин негизги максаты – Кыргыз Республикасында пара сүзүүнү өнүктүрүү жана жайылтуу, майыптыгы бар спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, борбор калаанын күчтүү сүзүүчүлөрүн аныктоо, ошондой эле 2026–2027-жылдарга эркектер жана аялдар курама командаларына талапкерлерди тандоо болуп саналат.
Чемпионатка майыптыгы бар адамдардын төрт категориясы боюнча 63 спортчу катышты. Алардын катарында таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган, көрүүсү начар, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жана интеллектуалдык өнүгүү өзгөчөлүгү бар спортчулар болду.
Мелдешке "Ынтымак" ОРАБӨМ, "Дельфин" ОРАБӨМ, "Парус" жана "Радуга" спорттук клубдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз азиздер коому катышты.
Катышуучулар ар кандай жаш курактык категорияларда эркин сүзүү, брасс, баттерфляй жана чалкасынан сүзүү боюнча 25, 50 жана 100 метр аралыктарда күч сынашты.
Чемпионат спортчулардын спорттук чеберчилигин, кайраттуулугун жана жаңы ийгиликтерге умтулуусун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, борбор калаада инклюзивдүү спортту өнүктүрүүгө салым кошту.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.



