Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, коомчулук өкүлдөрүн, эксперттик чөйрөнү жана бардык кызыкдар тараптарды Киев көчөсүн коомдук транспорттун кыймылы уюштурулган жөө адамдар аймагына айландыруу боюнча реконструкциялоо долбоорунун коомдук талкуусуна катышууга чакырат.

Иш-чара 2026-жылдын 5-июнунда саат 17:00дө Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 168а дарегиндеги "Тунгуч" театрында өтөт.

Презентациядан кийин ачык талкуу уюштурулуп, анын алкагында катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин жана сын-эскертүүлөрүн билдире алышат.