2026-жылдын 3-июнунда VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын алкагында катышуучулар Бишкек шаарынын Ленин районундагы №96 мектепке барышты. Алар үчүн маданий-билим берүү программасы даярдалган.
Иш-чаранын жүрүшүндө элдердин достугун чыңдоого, маданий салттарды таанытууга жана балдардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө багытталган "Тынчтык сабактары", концерттик программалар жана чыгармачылык мастер-класстар өткөрүлдү.
Меймандарга өзгөчө таасир калтырган учур – мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган салтанаттуу тосуп алуу болду. 300дөн ашуун окуучу добулбас аспаптарынын коштоосунда улуу "Манас" эпосунан үзүндү айтып, улуттук маданияттын байлыгын жана конокторго болгон сый-урматын көрсөтүштү.
Концерттик программа фестивалдын катышуучулары менен кабыл алуучу тарапты бириктирди. Сахнада катышуучу өлкөлөрдүн маданий көп түрдүүлүгүн жана Кыргызстандын улуттук салттарын чагылдырган номерлер тартууланды.
Ошондой эле, коноктор үчүн кыргыз элинин турмуш-тиричилигин жана маданий мурасын тааныткан көргөзмө уюштурулду. Анда улуттук боз үй, салттуу турмуш-тиричилик буюмдары, элдик кол өнөрчүлүк жана башка экспонаттар көрсөтүлүп, катышуучулар кыргыз элинин тарыхы жана каада-салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чара жылуу, достук жана таасирдүү маанайда өтүп, ар түрдүү өлкөлөрдөн келген балдардын ортосундагы маданий байланыштарды жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган фестивалдын дагы бир маанилүү окуясы болуп калды.











