2026-жылдын 3-июнунда VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын катышуучулары Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №67 жалпы билим берүүчү мектебинде болушту.

Беларусь, Румыния өлкөлөрүнөн, ошондой эле Пушкин жана Москва шаарларынан келген коноктор үчүн биргелешкен "Тынчтык сабактары", чыгармачылык концерттер, мастер-класстар жана чай үстүндөгү маек уюштурулду.

Мындай жолугушуулар балдарга ар кыл элдердин маданиятын жана каада-салттарын тереңирээк таанып-билүүгө, жаңы досторду табууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.

"Наристе" фестивалы ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдарды бириктирип, чыгармачылыкка, өз ара түшүнүшүүгө жана маданий алакага кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн аянтча катары өз ишин улантууда.