VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын алкагында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №62 орто мектебинде "Тынчтыктын сабактары" аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Саха Республикасы (Якутия), Корея Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары катышты.
Коноктор үчүн Кыргыз Республикасынын аймактарына арналган таанытуу көргөзмөлөрү, чыгармачылык мастер-класстар, концерттик программа жана чай үстүндөгү баарлашуу уюштурулду. Ошондой эле фестивалдын катышуучулары кыргыз элинин улуттук оюндары жана каада-салттары менен таанышышты.
Иш-чара достуктун, өз ара урматтоонун жана маданий алаканын атмосферасында өттү. Жаш катышуучулар ар түрдүү элдердин маданий мурастары менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып, эл аралык байланыштарын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай жолугушуулар маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө, салттуу баалуулуктарды сактоого жана ар түрдүү өлкөлөрдүн балдары менен жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт.










