2026-жылдын 3-июнунда VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын алкагында Биринчи Май районундагы №29 мектептин базасында эл аралык делегациялардын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда маданий-агартуу иш-чарасы өттү.
Россия Федерациясынан жана Түркия Республикасынан келген делегацияны, ошондой эле фестивалдын ардактуу конокторун жылуу тосуп алышты. Катышуучуларды кыргыз элинин улуттук маданияты жана каада-салттары менен тааныштыруу үчүн концерттик программа жана иш-чаралар даярдалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Тынчтык сабактары", чыгармачылык жолугушуулар, мастер-класстар жана фестивалдын конокторунун катышуусунда концерттик программа өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын алкагында окуучулар ар кайсы өлкөлөрдүн маданияты жана каада-салттары менен таанышууга, ошондой эле биргелешкен чыгармачылык жана билим берүү демилгелерине катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Көргөзмөлөр, бий өнөрлөрү, Манас эпосунан үзүндүлөрдүн аткарылышы, концерттик номерлер жана жалпы маданий программа мектептин окуучулары жана педагогикалык жамааты тарабынан даярдалып, көрүүчүлөргө тартууланды.
Иш-чаралар жылуу жана достук маанайда өтүп, маданий байланыштарды бекемдөөгө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана балдар менен жаштардын ортосундагы чыгармачыл баарлашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.










