"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн алкагында улантууда.

Учурда Васильев трактында (айланма жолдо) жаңы газон төшөө үчүн аймакты даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ишкананын адистери жер тилкесин тегиздөө, топурак катмарын даярдоо жана мындан аркы жашылдандыруу иштерине ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү иштерди аткарып жатышат.

Бул аймакка гүлдөрдү отургузуу да пландаштырылууда.

Ишке төрт атайын техника, ошондой эле компаниянын өндүрүш бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылууда. Бардык иш-чаралар Бишкектин экологиялык абалын жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында  жүргүзүлүүдө.

"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу, таза, көрктүү жана жашыл шаардык чөйрөнү түзүү багытындагы иштерин мындан ары да улантат.