2026-жылдын 30–31-май күндөрү Триатлон борборунда "Дельфин" ОРАБӨМдүн триатлондун акватлон дисциплинасы боюнча биринчилиги өттү.

Мелдешке ар кандай курактагы тарбиялануучулар катышты. Спортчулар сүзүү жана чуркоо этаптарын камтыган акватлон дисциплинасы боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында кыздар арасында "Дельфин" ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары төмөнкүдөй орундарды ээлешти:
- 1-орун — Алтынай Сатымбекова;
- 2-орун — Анна Крамаренко;
- 3-орун — Айжан Болотбекова.

Уландар арасында:
- 1-орун — Артем Ханадеев;
- 2-орун — Арсен Мусабай;
- 3-орун — Улук Асанов.

Майыптыгы бар адамдар категориясында кыздар арасында:
- 1-орун — Сезим Мейманбаева;
- 2-орун — Аяна Баяманова;
- 3-орун — Каныкей Рыскельдиева;
- 4-орун — Гульназ Жузбаева.

Уландар арасында:
- 1-орун — Дастан Камчибеков;
- 2-орун — Жаладин Абдувалиев;
- 3-орун — Алибек Мамонов.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мындай мелдештерди өткөрүү триатлон спортун өнүктүрүүгө, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатууга жана балдар, жаштар жана майыптыгы бар адамдар арасында сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.