Бүгүн, 2026-жылдын 4-июнунда, Бишкек шаарындагы «Old Bishkek» комплексинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турган көрүнүктүү инсандарга арналган заманбап "Негиздөөчү аталар" панносунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Паннонун ачылышы тарыхты сактоого жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү ишмерлердин мурасын даңазалоого багытталган маанилүү окуя болуп калды.
Салтанаттуу аземден кийин коноктор арт-галереяга барып, анда "Өчпөсүн өлкө өзөгү" аттуу китептин бет ачары өттү. Ошондой эле тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов баяндама жасап, "Негиздөөчү аталар" аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
"Негиздөөчү аталар" панносу тарыхый аң-сезимди чыңдоого жана азыркы Кыргызстандын калыптанышында негизги ролду ойногон инсандардын элесин сактап калууга көмөктөшүү максатын көздөйт.







