VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын катышуучулары Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея Республикасы, Түркия, Румыния, Россия Федерациясы, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген жаш артисттер менен сыйлуу коноктор учурда Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышууда.
Фестивалдын алкагында катышуучулар үчүн теплоходдо сейилдөө, мастер-класстар, флешмобдор, катышуучу өлкөлөрдүн улуттук оюндарынын бет ачары, ошондой эле көл жээгиндеги чыгармачылык маданий программалар уюштурулат.
Эл аралык фестиваль "Рух Ордо" комплексинде өтө турган салтанаттуу жабылыш аземи менен аяктайт.
Наристе фестивалы салттуу түрдө балдардын чыгармачылыгы аркылуу элдердин ортосундагы достукту жана маданий мурастарды сактоону жайылтат.




