"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасында Республикалык кан борбору менен биргеликте уюштурулган кайрымдуулук иш-чара — Кан донорлор күнү өткөрүлдү.
Ишкананын кызматкерлери акцияга активдүү катышып, өлкөдө социалдык маанилүү демилгелерди колдоого жана донордук кыймылды өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр экенин көрсөтүштү.
Иш-чаранын алкагында ишкананын 40 кызматкери кан тапшырды. Ошол эле учурда, эмгек жамаатынын айрым мүчөлөрү өндүрүштүк зарылчылыкка жана жылуулук менен камсыздоо объекттериндеги оңдоо иштерине байланыштуу бул акцияга катыша алган жок.
Донордук акциялар "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы үчүн салтка айланып, жамааттын жогорку социалдык жоопкерчилигин жана кызматкерлердин жарандык активдүү позициясын чагылдырып келет.
"Бишкек жылуулук тармагы" МИ мындан ары да кайрымдуулук демилгелерин колдоону жана донордук маданиятты өнүктүрүүгө, коомдук саламаттыкты чыңдоого багытталган социалдык долбоорлорго катышууну улантат.



