Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо системасын децентрализациялоо иш-чараларынын алкагында №10, "Энергетик" жана "Куруучу" насостук станциялары "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилүүдө.

Жогоруда аталган иш-чаралар жылуулук менен камсыздоо объекттеринин башкаруу системасын өркүндөтүү жана борбор калаанын инженердик инфраструктурасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында  жүргүзүлүүдө.

Өткөрүп берүү жол-жобосу колдонуудагы ченемдик талаптарга жана бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.