Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Кыргыз-Беларусь бизнес-форумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына алгачкы расмий иш сапары менен келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин катышуусунда жеңиш монументине гүл чамбар коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Беларусь Республикасынын расмий делегациясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Салтанаттын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылышты. Жеңиш монументине гүл чамбар коюлуп, андан соң катышуучулар Ата Мекенди коргоочулардын эрдигине жана согуштун миллиондогон курмандыктарынын элесине терең урмат көрсөтүп, баштарын ийишти.
Белгилей кетсек, расмий сапардын алдында Александр Турчин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен биргеликте катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоочу эко-технологиялык заводго барып, ошондой эле жабдыктары белоруссиялык "Сифания-Экотехника" компаниясынан сатылып алынган таштандыларды сорттоочу линиянын ишинин жүрүшү менен таанышкан.









