Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, VI Эл аралык "Наристе"  балдар фольклор фестивалынын маданий программасынын алкагында катышуучулар үчүн "Алыкул" кемеси менен Ысык-Көлдө сейилдөө уюштурулду.

Кыргызстандын берметинде болгон  саякат фестивалдын эң эсте каларлык иш-чараларынын бири болуп калды. Жаш аткаруучулар кооз көл пейзаждарынан, улуу тоо чокуларынан жана айлана-чөйрөнүн табигый сулуулугунан ырахат алып, жаркын таасирлерге жана позитивдүү эмоцияларга ээ болушту.

Саякат балдарга Кыргызстандын табигый байлыктары менен жакындан таанышуу  гана эмес, өз ара достук мамилелерди чыңдоого, таасирлери менен бөлүшүүгө жана биргелешкен саякаттын жылуу ирмемдерин эстеликке сактап калууга мүмкүнчүлүк түздү.

"Наристе" фестивалы ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдарды чыгармачылык, достук жана Кыргызстандын маданий жана жаратылыш мурасы менен таанышуу аркылуу бириктирүүнү улантууда, катышуучуларга меймандос кыргыз жери жөнүндө унутулгус эскерүүлөрдү калтырат.