"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы №10, "Энергетик" жана "Куруучу" насостук станцияларын, ошондой эле бул жайлардан жылуулук алган кардарларды "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына өткөрүп берип жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул өзгөртүүлөр жылуулук менен камсыздоо объекттерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүрүштүк процесстерди оптималдаштырууга жана борбор калаанын жылуулук тутумун өркүндөтүүгө багытталган.

Объекттерди жана абоненттик базаны өткөрүп берүү ишканалардын функцияларын аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык так бөлүштүрүүгө жана жылуулук менен камсыздоо системасын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

10-июндан тартып "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 10-кичи райондо жайгашкан №10 насостук станциясына туташкан турмуш-тиричилик  керектөөчүлөрүнө жылуулук менен камсыздоо келишимдерин бузуу тууралуу билдирүүлөрдү  тапшыра баштайт.

Даректер