Бишкек шаарынын муниципалитетинде шаар мэри Айбек Джунушалиевдин Исламабад шаарынын башкы комиссары (мэри), Борборду өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы Сохаил Ашраф менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир тууган шаар мамилелеринин алкагында Бишкек менен Исламабаддын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн  келечегин талкуулашты.

Айбек Джунушалиев шаарлар ортосунда түзүлгөн байланыштар формалдуу мүнөздө гана болбостон, практикалык мазмун менен толукталып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзүшү керектигин белгиледи.

Өзгөчө көңүл экономика, маданият жана жаштар саясаты багыттарындагы кызматташтыкка бурулду. Бишкек шаарынын мэри мисал катары Дельфы оюндары менен "Наристе" фестивалын атап, Пакистандын жаштарынын бул иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Өз кезегинде Сохаил Ашраф бул анын Бишкек шаарына жасаган алгачкы сапары экенин белгиледи. Ал Кыргызстандын борборунун кооз жаратылышына, ошондой эле акыркы үч жыл аралыгында шаардагы өзгөрүүлөргө жана өнүгүүнүн жогорку динамикасына суктанганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек менен Исламабаддын ортосундагы достук байланыштардын мындан ары бекемделишине жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Маалымат:

Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Исламабад шаарынын (Пакистан Ислам Республикасы) ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө макулдашууга 2025-жылдын 4-декабрында кол коюлган.