Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө жана калк менен бизнестин экологиялык таза жылытуу технологияларына өтүүсүн колдоого багытталган «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда.
Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун жашоочулары, ошондой эле бизнес өкүлдөрү үчүн экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга жеңилдетилген каржылоо программасы улантылууда.
Долбоордогу негизги өзгөрүүлөрдүн бири катары калк үчүн насыялар боюнча пайыздык чен жылдык 6%га чейин төмөндөтүлдү. Бул чара заманбап экологиялык таза жылытуу технологияларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана энергиянын таза булактарына өтүүнү стимулдаштырууга багытталган.
Жеңилдетилген каржылоо долбоордун өнөктөш банктары аркылуу атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана абанын сапатын жакшыртууга көмөктөшүүчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн гана берилет.
Калк үчүн каржылоо шарттары:
* насыянын суммасы — 1 000 000 сомго чейин;
* насыялоо мөөнөтү — 60 айга чейин;
* пайыздык чен — жылдык 6%.
Жабдуу жеткирүүчүлөр үчүн каржылоо шарттары:
* насыянын суммасы — 5 000 000 сомго чейин;
* насыялоо мөөнөтү — 60 айга чейин;
* пайыздык чен — жылдык 10%.
Жеңилдетилген насыянын максаттуу багыты:
Жеңилдетилген каржылоо төмөнкү жабдууларды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга берилет:
* ар кандай конфигурациядагы жылуулук насостору (аба–суу, аба–аба, суу–суу, жер–суу);
* имараттарды муздатуу жана кондициялоо үчүн жылуулук насостору;
* электр казандары;
* инфракызыл керамикалык жылыткычтар жана радиаторлор;
* имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн күн жылуулук коллекторлору;
* күн фотоэлектрдик панелдери (PV) жана энергия топтоо системалары;
* электр энергиясы жана башка таза энергия булактары менен иштеген генераторлор жана аккумулятордук батареялар.
Долбоордун ишке ашырылышы экологиялык абалды жакшыртууга, атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө жана калктын жашоо шарттарын ыңгайлуураак кылууга багытталган.
Долбоорго катышкан банктар:
«АБанк» ААК
Тел.: 5511
Сайт: www.ab.kg
«Элдик Банк» ААК
Тел.: 9111
Сайт: www.eldik.kg
«Бакай Банк» ААК
Тел.: 6111
Сайт: www.bakai.kg
Байланыш маалыматы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Бишкек ш., Чүй проспектиси, 114, 401-кабинет
Электрондук почта: office@piu.kg, a.akmatov@piu.kg
Тел.: +996 506 667 676
