Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жайы бою борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган ачык асман алдындагы музыкалык кечелерге чакырат.
Ар жума жана ишемби күндөрү "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар комплексинин жанында Кыргызстандын бай музыкалык жана маданий мурасын чагылдырган белгилүү чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программалар уюштурулат.
Алгачкы музыкалык кече 2026-жылдын 5-июнунда саат 19:00дө башталат. Көрүүчүлөр үчүн улуттук музыкалык салттарды жана заманбап өзгөчө концерттик программасы менен "Кыргыз Руху" эстрадалык-фольклордук ансамбли концерттик программасын тартуулайт.
Маданий программа 2026-жылдын 6-июнунда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында "Семетей" ансамблинин концерти менен уланат.
Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүү, жандуу музыкадан ырахат алуу жана чыгармачылык жана маданий биримдик атмосферасына чөмүлүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жайкы музыкалык кечелерге келип, борбор калаанын жылдыздуу асманынын астында майрамдык маанай түзүүгө чакырат.