2026-жылдын 5-июнунан тартып Бишкек шаарындагы айрым көчө тилкелеринде автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Чектөөлөр төмөнкү көчө тилкелеринде жүргүзүлө турган курулуш иштерине байланыштуу киргизилүүдө:
Ауэзов көчөсүндө Анкара көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки аралыкта;
Сухэ-Батор көчөсүндө 7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыкта.
Урматтуу шаар тургундары! Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңыздарды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз.