Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, Бишкек шаарында эки жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн техникалык ачылышы болуп өттү.

Жаңы объекттердин бири Жибек Жолу проспектисинде, Аламүдүн базарынын аймагында, экинчиси 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан.

Жер үстүндөгү өтмөктөр  заманбап лифттер менен жабдылып, жөө жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде майыптыгы бар жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн  камсыз кылуу үчүн бардык зарыл инфраструктура менен камсыздалган.

Жибек Жолу проспектисиндеги жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн узундугу 27 метрди, ал эми 7-Апрель көчөсүндөгүсү 37 метрди түзөт.

Учурда объекттерде уюштуруу жана техникалык иштердин акыркы этабы жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү көпүрөлөр толук пайдаланууга берилет жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн жеткиликтүү болот.