2026-жылдын 5-июнунда VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын алкагында катышуучулар жана Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү үчүн элдик вокал, хореография, аспапта аткаруучулук жана сахна чеберчилиги боюнча чыгармачылык мастер-класстар өттү.
Жаш артисттер маданият жана искусствонун алдыңкы ишмерлеринен тажрыйба алуу, ар кайсы өлкөлөрдүн жана аймактардын улуттук каада-салттары менен таанышуу, ошондой эле практикалык иш үстүндө өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Ушул эле күнү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, маданият мекемелеринин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн башын бириктирген III Бишкек маданияттар форуму өз ишин улантты. Катышуучулар маданий мурастарды сактоо, балдар жана жаштардын чыгармачылыгын колдоо, ошондой эле эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
"Наристе" фестивалы жана Бишкек маданияттар форуму маданий диалогду, элдер ортосундагы достукту чыңдоого жана балдар менен жаштардын чыгармачылык өз ара байланышы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.












