Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жайкы ачык асман алдындагы музыкалык кечелердин алгачкысы өттү.
Иш-чаранын биринчи күнүндө көрүүчүлөр үчүн «Кыргыз Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли өнөр көрсөтүп, улуттук музыкалык салттарды айкалыштырган өзгөчө концерттик программасын тартуулады. Ансамблдин аткаруусундагы музыкалык чыгармалар борбор калаанын тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулады.
Эскерте кетсек, Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер жай мезгилинин ичинде үзгүлтүксүз уланат. Кийинки концерт эртең, 6-июнда саат 19:00дө өтүп, анда «Семетей» ансамблинин катышуусу менен концерттик программа сунушталат.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды жайкы музыкалык кечелерге катышууга чакырып, борбор калаанын жылдыздуу асманынын алдында жылуу жана майрамдык маанайды бирге жаратууга үндөйт.















