Бүгүн саат 15:40та шаардагы линияларда бөлүүчү автоматика иштеп кеткендиктен, Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулду.

Саат 17:00гө карата жабдуулар текшерилип, эч кандай бузулуулар аныкталган жок. Учурда иш режимин калыбына келтирүү иштери башталды.