2026-жылдын 5-июнунда Бишкек мэриясынын "Тунгуч" залында Киев көчөсүндөгү "Жашыл мобилдүүлүктүн пилоттук коридору" долбоорунун концепциясын коомдук талкуулоо болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, шаардык кызматтардын, эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, борбор калаанын тургундары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Мэрдин орун басары Рамиз Алиев Киев көчөсү толугу менен жөө жүргүнчүлөр үчүн эмес экенин белгиледи. Долбоор коомдук транспортко артыкчылык берүү менен шаардык мейкиндикти заманбап жана тең салмактуу бөлүштүрүүнү көздөйт.
Долбоордун концепциясын "Design Engineering Company" ЖЧКсынын башкы инженери Нурсултан Ормонов тааныштырып, катышуучуларга негизги долбоордук чечимдер жана демилгени ишке ашыруунун этаптары тууралуу маалымат берди.
Долбоордун алкагында Киев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөргө, коомдук транспортко жана велосипед кыймылына артыкчылык берилген борбор калаадагы биринчи туруктуу мобилдүүлүк коридорун түзүү каралган. Анын негизинде велосипед жолу жана коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер уюштурулуп, тротуарлар жаңыланып жана кеңейтилет. Ошондой эле, эс алуу жана коомдук жайлар түзүлүп, учурдагы бак-дарактар сакталат жана кошумча жашылдандыруу жүргүзүлөт. Сырткы жарыктандыруу системасы жаңыланып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгү жакшыртылат.
Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалууда. Ага чейин Киев көчөсүнүн алдындагы инженердик коммуникацияларды жаңылоо боюнча ири иштер жүргүзүлөт. Жакынкы арада Ибраимов көчөсү Исанов көчөсүнө чейинки аралыкта жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу башталып, андан соң иштер Бейшеналиева көчөсүнө чейин улантылат.
Белгилей кетсек, долбоор Ибраимов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейинки тилкени камтыйт.
Коомдук талкуунун негизги максаты тургундарга сунушталып жаткан долбоордук чечимдер тууралуу маалымат берүү жана аларды мындан ары эске алуу үчүн сунуш-пикирлерди чогултуу. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар суроолорду берип, жол кыймылын уюштуруу, аймакты көрктөндүрүү жана шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча өз сунуштарын киргизишти.
Талкуунун жыйынтыгында бардык сунуштар жана сунуштамалар долбоорду иштеп чыгуучулар жана жооптуу органдар тарабынан кийинки этаптарда каралат.
"Жашыл мобилдүүлүк үчүн пилоттук коридор" долбоору Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат жана Бишкекте заманбап, коопсуз жана экологиялык жактан туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.







