«Бишкекжылуулуктармагы» МИ билдиргендей, 2026-жылдын 6-июнунда электр энергиясынын өчүшүнө байланыштуу НС-1, НС-2, НС-7 жана НС-12 насостук станциялардын иши убактылуу токтотулган.
Азыркы учурда насостук станцияларда электр энергиясы калыбына келтирилди.
Кубаттуулук жогорулаган сайын шаарда ысык суу берүү калыбына келе баштады. «Бишкекжылуулуктармагы» МИ ысык сууну кабыл алууга жана аны керектөөчүлөргө андан ары жеткирүүгө даяр. Гидравликалык режимди толугу менен калыбына келтирүү жана зарыл болгон жөнгө салуу иштерин жүргүзүү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат.
Ишкана кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп жатат жана шаардыктарды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу өз убагында маалымдоону улантат.