2026-жылдын 6-июнунда саат 15:50дө авариялык түрдө электр энергиясынын өчүшүнөн улам, Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо тутумунун иштешин камсыз кылган 12 суу топтоочу курулманын жана басымды жогорулатуучу насостук станциялардын иши убактылуу токтотулган.
Муниципалдык кызматтардын адистери тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде суу менен камсыздоо объекттеринин ишин калыбына келтирүү боюнча зарыл чаралар көрүлдү. Азыркы учурда бардык суу топтоочу курулмалар ишке киргизилип, суу берүү толук көлөмдө калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, борбор калаанын суу менен камсыздоо тутумунда 334 басымды жогорулатуучу насостук станция иштейт. Технологиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу, бир бөлүгү электр энергиясы өчкөндөн кийин автоматтык түрдө кайра күйүү функциясына ээ эмес, андыктан аларды этап-этабы менен ишке киргизүү талап кылынат.
Саат 20:00гө карата объекттерди текшерүү иштери жүргүзүлүп, 47 басымды жогорулатуучу насостук станция ишке киргизилди. Калыбына келтирүү иштерин тездетүү үчүн кошумча эки авариялык бригада тартылды. Жабдуулардын техникалык абалына жана калыбына келтирүү иш-чараларынын жүрүшүнө көзөмөл күчөтүлдү.
Суу менен камсыздоо тутумунун иштешин калыбына келтирүү иштери бардык зарыл болгон иш-чаралар толук аяктаганга чейин тынымсыз режимде улантылат.
Кырдаал туруктуу көзөмөлгө алынган. Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо тутумунун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.