Бүгүн, 2026-жылдын 6-июнунда, ишемби күнү кечинде Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы жайкы музыкалык кечелер сериясынын экинчи күнү өттү.

Концерттик программанын алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн "Семетей" ыр-бий ансамбли өнөрүн тартуулап, вокалдык жана хореографиялык номерлерди сунуштады. Артисттердин аткаруусундагы чыгармалар шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу эмоцияларды жана жакшы маанай тартуулады.

Эске салсак, Ала-Тоо аянтындагы жайкы музыкалык кечелердин маданий программасы жай мезгили бою уланат жана шаардын чыгармачыл жамааттарынын башын бириктирет.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды алдыдагы концерттерге келип, жайкы кечелерди ачык асман алдында, жакшы маанайда өткөрүүгө чакырат.