Бүгүн, 2026-жылдын 6-июнунда саат 21:50гө карата Бишкек шаарынын ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү толугу менен калыбына келтирилди.

Учурда станция штаттык режимде жүктөөлөрдү кабыл алууда. ЖЭБтеги ысык суунун температурасы калыбына келтирилип, учурда 68°C түзүүдө.

Эске салсак, бүгүн саат 15:40та шаардык чубалгылардагы бөлүүчү автоматиканын иштеп кетишинен улам Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулган.