2026-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарынын Эмен паркында EU Fest 2026 фестивалынын расмий ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.

Ал өз сөзүндө Европа фестивалы Бишкек үчүн жакшы салтка айланып бара жатканын белгилеп, анын маданий диалогду өнүктүрүүгө, элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

«Мындай демилгелер элдердин достугун чыңдоодо, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө, ошондой эле ишеним жана өз ара урматтоо атмосферасын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт», — деп белгиледи Кубанычбек Иманалиев.

Быйыл фестиваль «Европа боюнча саякат» деген концепциянын алдында өтүп, анда Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин маданий жана чыгармачылык көп түрдүүлүгү чагылдырылууда.

Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, ЕБге мүчө өлкөлөр жана өнөктөштөр менен биргеликте уюштурду.

Фестивалдын негизги максаты — искусство, билим берүү, гастрономия жана интерактивдүү маданий демилгелер аркылуу Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо.