Бүгүн, 2026-жылдын 7-июнунда, "Рух Ордо" маданий борборунда VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу жабылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, фестивалдын катышуучуларына сертификаттарды жана жаш таланттарга эстелик белектерди тапшырды.

Калаа башчысы өз сөзүндө балдардын талантына, эмгекчилдигине жана өз маданиятына болгон сүйүүсүнө жогору баа берип, алар өз өлкөлөрүн татыктуу деңгээлде таанытып, көрүүчүлөргө унутулгус таасирлерди жана жагымдуу эмоцияларды тартуулаганын белгиледи.

Фестивалга Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея Республикасы, Туркия, Румыния, Россия Федерациясы, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген балдардын чыгармачыл жамааттары катышты.

Мэр чыгармачыл жамааттардын жетекчилерине, педагогдорго, устаттарга жана ата-энелерге өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого, маданий мурастарды сактоого жана жаш таланттарды колдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Салтанаттуу азем фестивалдын катышуучуларынын улуттук "Кара Жорго" бийин биргелешип аткаруусу жана Ысык-Көлдүн кооз жээгинде эстелик сүрөткө түшүүсү менен жыйынтыкталды.

"Наристе" фестивалы дагы бир ирет ар түрдүү өлкөлөрдөн келген балдарды бириктирген достуктун, маданий алмашуунун жана өз ара түшүнүшүүнүн аянтчасы болуп, элдердин ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түздү.