Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна «Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтом долбоору киргизилди.
Кыргыз Республикасынын «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, мурда каза болгон жубайынын (аялынын/күйөөсүнүн) жанынан орунду алдын ала брондоо укугу никелик мамилелерди ырастоочу документтери бар жубайына берилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү үчүн жерлерди брондоо тартибине ылайык, республикалык маанидеги шаарларда көмүү үчүн жерди брондоонун баасы 1000 (бир миң) эсептик көрсөткүчтү түзөт. Мындан тышкары, кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти колдонулат.
Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти сөөк коюу иштери боюнча адистештирилген кызматтар иштеген калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
* аймакты көрктөндүрүү (жөө жолдорду куруу жана оңдоо, тосмолорду орнотуу, жарыктандыруу);
* жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана көчөттөрдү кароо;
* сугат жана техникалык муктаждыктар үчүн суу менен камсыздоо;
* тиричилик таштандыларын чыгаруу, ажатканаларды тейлөө жана башка кызматтар.
Буга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорунда кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентин 50 647 сом өлчөмүндө бекитүү сунушталууда. Бул сумма жер тилкесин даярдоо жана берүү чыгымдарын, аймакты көрктөндүрүү, күтүү жана 10 жылдык санитардык тейлөө чыгымдарын, ошондой эле тиешелүү үстөк чыгымдарды камтыйт.
Муну менен, Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө сөөктү коюу үчүн бир орунду ээлеп коюунун жалпы баасы 150 647 сомду түзөт.
Орун узак мөөнөткө – 10 жылга ээлеп коюлгандыктан, муниципалдык ишкана ушул мезгил аралыгында ээлеп коюлган тилкени күтүү жана көрктөндүрүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
Белгилей кетсек, сөөк коюу үчүн орун брондоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ. Бул мүмкүнчүлүктү мурда жерге берилген жубайынын жанынан алдын ала орун брондоону каалаган жарандар гана пайдалана алышат.
Башка жарандар үчүн сөөктү жерге берүү тартиби өзгөрүүсүз калат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Бул мыйзам алдындагы актынын долбоору Кыргыз Республикасынын «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккандыгын белгилей кетүү керек.
Эгерде сизде бул маселе боюнча суроолор болсо, «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын 0312 370 327 номери аркылуу чалып, кеңири маалымат алсаңыз болот.