2026-жылдын 6-июнунда «Алга» спорттук комплексинде Бишкек шаарынын чир спорт боюнча чемпионатынын жана биринчилигинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциясынан Кыргыз Республикасынын чир спорт федерациясынын куратору Айжан Екимбаева катышты.

Канатбек Маматов өз сөзүндө өлкөдө чир спортунун өнүгүп жатканын, спортчулардын саны өсүп жатканын белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясы спорттун ар түрдүү багыттарын өнүктүрүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.

Мелдешке Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Россия Федерациясынан жалпы 247 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдештин уюштуруучулары болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын Чир спорт союзу болду.