2026-жылдын 5–8-июнь күндөрү Таджикстан Республикасынын Душанбе шаарында Сангов Бабахондун элесине арналган оор атлетика боюнча республикалык мелдеш болуп өттү.
Мелдештин уюштуруучусу болуп Тажикстандын оор атлетика федерациясы чыкты.
Мелдешке ар кайсы аймактардан келген спортчулар катышты. Бишкек шаарынан оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн 8 тарбиялануучусу күч сынашты.
Жыйынтыгында Бишкектик спортчулар 6 медаль жеңип алышты: 5 алтын жана 1 күмүш медаль.
Алтын медалдын ээлери:
- Өмүржанов Арсен;
- Жеңишбек уулу Нургазы;
- Байгабылов Азамат;
- Нурланбек уулу Нурчолпон;
- Назарбаев Азамат.
Күмүш медалды:
- Жолдошкулов Айтегин жеңип алды.


