2026-жылдын 6-июнунда «Алтын-Ордо» конушундагы №98 орто мектептин базасында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында салтка айланган «Ден соолук – 2026» райондук спартакиадасы өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага райондогу мектептердин 200гө жакын мугалими жана кызматкерлери катышты. Катышуучулар волейбол, кичи футбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында спорттун ар бир түрү боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды. «Маариф» билим берүү комплексинин, ошондой эле №71, №64, №91 жана №100 жалпы билим берүүчү мектептеринин командалары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Иш-чаранын алкагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана Октябрь районундагы спорттук-массалык иштерди уюштурууга олуттуу салым кошкон билим берүү тармагынын кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Спартакиада достук, өз ара урматтоо жана сергек атаандаштык маанайында өтүп, билим берүү тармагынын кызматкерлери арасында командалык духту бекемдөөгө, спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түздү.

Спартакиаданын уюштуруучусу болуп жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти саналат.