Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ак-Тилек конушундагы Ак-Шоокум көчөсүндө 100 орундуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу улантылууда.
Жаңы объект аймактын социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп, балдардын мектепке чейинки билим алуусу үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Жер тилкесинин жалпы аянты - 0,2179 гектарды, ал эми имараттын аянты - 1042,05 чарчы метрди түзөт. Бала бакча борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан.
Бүгүнкү күндө объектте кирпич дубалын орнотуу иштери толугу менен аяктады. Учурда ички жасалгалоо жана электр монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштерин «ПСО Адис Строй» ЖЧКсы аткарууда.


