Бишкек шаарынын мэриясы "Бишкек шаарынын аймагында жер участокторун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздоо чаралары жөнүндө" токтому кабыл алды.

Токтом Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга, жер участокторун туура эмес пайдаланууга жол бербөөгө жана ага каршы күрөшүүгө, ошондой эле жерди максаттуу пайдалануу принцибин ишке ашырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-беренесине ылайык, жер мыйзамдарынын негизги принциптеринин бири – жерлерди алардын белгиленген максаттуу багытына ылайык пайдалануу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 51-беренесине ылайык, жер ээлери жана жер пайдалануучулар жер участокторун алардын максаттуу багытына ылайык пайдаланууга милдеттүү, ал эми курулуштарды курууга жана жайгаштырууга мыйзам талаптарына ылайык жана жер участогунун белгиленген максаттуу багытына ылайык гана уруксат берилет.

Акыркы жылдары Бишкек шаарынын аймагында жеке турак жай куруу жана турак жай курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин автотранспорт каражаттарын сатуу жайлары, көргөзмө аянтчалары жана алардын белгиленген максаттуу багытына туура келбеген башка объекттер үчүн пайдалануу учурлары көбөйгөн. Мындай көрүнүштөр турак жай конуштарындагы транспорттук инфраструктурага кошумча жүк түшүрүп, жарандардын жашоо шарттарына терс таасирин тийгизүүдө жана шаардагы жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга тоскоолдук жаратууда.

Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Бишкек мэриясынын кошумча ыйгарым укуктарынын бири жерлердин пайдаланылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөл жүргүзүү болуп эсептелет.

Токтомду ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын административдик райондорундагы муниципалдык администрациялар тарабынан жер тилкелеринин максаттуу багытын жана уруксат берилген пайдалануу түрүн бузуу менен колдонуу фактылары боюнча инвентаризация жүргүзүлөт. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча материалдар мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдөрүнө жөнөтүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкелеринин менчик ээлери, жер пайдалануучулар, ижарачылар жана башка кызыкдар тараптар жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттуу багытына жана уруксат берилген пайдалануу түрүнө ылайык колдонууга милдеттүү экенин эскертет.

Ошондой эле жер тилкелеринде коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн учурда объекттердин жана аларга чектеш аймактардын талаптагыдай абалын камсыз кылуу, ошондой эле Бишкек шаарынын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүнө коюлган талаптарды сактоо зарыл.

Жер мыйзамдарынын талаптарын так сактоо – жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана жашоого ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандыруунун маанилүү шарты болуп саналат.

ТОКТОМ