2026-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында салттуу түрдө өтүүчү Night Run түнкү чуркоо марафону өтөт. Ага 3 500дөн ашык адам катышат деп күтүлүүдө.
Марафон "АЮ-Гранд" соода борборунун жанында башталат. Иш-чара саат 19:30дан 23:00гө чейин өтөт.
Жарыштын маршруту Шабдан баатыр проспектисинин түштүк тарабы менен Лермонтов көчөсүнөн Мухтар Ауэзов көчөсүнө чейин, ошондой эле Чокан Валиханов көчөсү аркылуу Анкара көчөсүнөн Шабдан баатыр проспектисине чейин эки багытта өтөт.
Спорттук иш-чарага байланыштуу, 13-июнда саат 20:30дан 23:00гө чейин жогоруда айтылган аймактарда жол кыймылы убактылуу чектелет. Сураныч, багытыңызды алдын ала пландаштырып, жол кыймылынын өзгөрүшүн эске алыңыз.
Түнкү чуркоо "Nomad Sport" коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулууда.
